Жүктөө
ru
kg
Зайымды алуу Зайымды төлөө Суроо-Жооп Документтер Расмий өкүлчүлүктөрү
Кирүү
ru
kg
Кирүү
Зайымды алуу Зайымды төлөө Суроо-Жооп Документтер Расмий өкүлчүлүктөрү
info@somo.kg

Суроо-Жооптор

Зайым алуу тууралуу

Somo.kg-ден зайымды алыш үчүн эмне талап кылынат?

Сиз зайым алыш үчүн:

  • Сиз Кыргыз Республикасынын жараны болуушуңуз абзел;
  • Зайым көрсөтүү кызматы 20 жаштан баштап 65 жашка чейин берилет;
  • Сизде карыз төлөмдөрү же кредит алуу эрежелерин бузуу жазуулары болбошу керек;
  • Сиздин жеке банк эсеби биринде банктардын же идентификацияланган электрондук капчык (Сиздин атыңызга катталган электрондук капчык) жана активдүү уюлдук телефон номери болушу абзел.
Somo.kg ден займ алуу учун зарыл болгон документтер / кагаздар
Насыя алуу үчүн сизге кандайдыр бир документтердин кереги жок-бир гана уюлдук телефон жана эсеп же Кыргыз Республикасынын банктарынын биринде идентификацияланган электрондук капчык (Сиздин атыңызга катталган электрондук капчык) гана.
Мен кандай акча суммасын ала алам?
Биринчи насыянын лимити 20 000 сомго чейин. Эгерде зайымды оз убагында төлөп жана келишимдин бардык шарттарын сактасаңыз кийинки займдардын лимити 49 500 сомго чейин түзүлөт, мөөнөтту 5 күндөн 30 күнгө чейин болот.
Somo.kg ден бир эле учурда бир нече зайым алсам болобу?
Бир эле учурда бир нече зайым алуу мүмкүн эмес, бирок Somo.kg сиздин учурдагы займыңызга кошумча сумманы алуу мумкунчулугун сунуштайт.
Учурдагы займга кошумча сумманы алуу мумкунбу?

Эгерде сизде учурдагы зайым болсо, жана 1000 сом же андан жогору лимит жеткиликтүү болсо анда кошумча сумманы алуу үчүн өзүңүздүн Somo.kg жеке кабинетиңизден заявканы жибериңиз.

Билүү үчүн маанилү! Кошумча сумма алгандан кийин, зайымдын төлөө мөөнөтү өзгөрбөйт. Сиз үчүн зайымдын жаңы төлөм эсеби даярдалынат. Жаңы төлөм эсепте учурдагы жана кошумча зайымдын шарттарын ичине камтыйт

Эгер банкта же башка кредиттик мекемеде кредитим бар болсо, Somo.kg де зайым алсам болобу?
Ооба, эгер сиз өз убагында төлөмдөрдү төлөсөңүз жана карыз алуучулардын тизмесинде болбосоңуз зайым алганга мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Займ берүүдөн баш тарткандын себеби?
Тилекке каршы балким төмөндөгүдөй себептерге байланыштуу зайым берүүдөн баш тартканбыз:
  • Эгер сиз кредиттик-маалымат бюрөсүнүн карыз алуучулардын тизмесинде болсоңуз;
  • Somo.kg дагы мурдагы займ толонгон эмес;
  • Каттоо учурунда ката маалыматтар көрсөтүлгөн;
  • Сиз 20 жаштан кичүү же 65 жаштан ашкансыз.
Займы банктын эсепке же электрондук капчыка канчалык тезде түшөт?

Эгер зайым канааттандырылса 15 мүнөттүн ичинде акча которулат.

Банк эсебине же электрондук капчыкка которуу төлөмү сиздин банктын ички иштөө процессинин ылдамдыгына жараша болот жана 10 минутадан 2 жумуш күнгө чейин созулушу мумкун.

Somo.kg де карызым бар же жок тууралуу справка алганга болобу?

Кабарлайбыз, кадрадларга карызы бар/ жок тууралуу аныктама берүү акысыз.

Кардарлар зайым келишими боюнча карыз бар/жок справка алуу үчүн info@somo.kg электрондук дарегине арыз менен кайрулуу керек. Арызга ким экендигин тастыктаган документтин сканерленген көчүрмөсүн тиркөө керек.

Карызы бар/жок экендиги жөнүндө справка суроо-арыз келип түшкөн күндөн баштап жана справка үчүн наркты төлөгөн учурдан тартып, 3 (үч) иш күндүн ичинде төмөнкү жолдордун бири менен берилет:

  • арызда көрсөтүлгөн кардардын электрондук дареги боюнча карызы бар/жоктугу тууралуу сканерден өткөрүлгөн справканы жөнөтүү (эгер кардар Бишкек шаарынан тышкары турган болсо);
  • кардарга карызы бар/жоктугу туралуу справканы оригиналы сайтта корсотулгон Сомо Күрөөканасы КЖК дареги бюонча берилет (эгер кардар Бишкек шаарында турган болсо);
  • Эгер Бишкек шаарынан тышкары турган кардар карызы бар/жоктугу тууралу справканы оригиналы зарыл болсо, анда кардар Бишкектеги Сомо Күрөөканасы КЖК дареги боюнча справканы алуу иш-чараларын өз алдынча уюштурат (курьер чакыруу, справканы үчүнчү жак аркылуу алуу жана башкалар).
Дос-Кредобанк ААК банктын реквизиттери:
  • БИК 128001
  • Эсеп счету 1280016053031630
  • ИНН 01102201910280
  • ОКПО 30485746
  • Толоонун багыты: справканын наркы, кардардын Персоналдык номуру жана аты жөнү
«РСК Банк» Ачык акционердик коому банктын реквизиттери:
  • БИК 128001
  • Эсеп счету 1280016053031630
  • ИНН 01102201910280
  • ОКПО 30485746
  • Толоонун багыты: справканын наркы, кардардын Персоналдык номуру жана аты жөнү

Зайым келишими боюнча карыздык төлөмдү кайтаруу (карызды жуюу)

Мен зайым келишими боюнча карыздык төлөмдү жарым -жартылай төлөй аламбы?

Сизде төлөө мөөнөтүн ичинде карыздык төлөмдү жарым -жартылай (бир нече төлөм менен төлөө) мүмкүнчүлүгүңүз бар

Ушундай жол менен сиз бара-бара зайым келишими бюонча карыздык төлөмдүн суммасын азайтасыз

Эгерде сизде кошумча суроолор пайда болсо, биз менен байланышууну өтүнөбүз

Мен зайым эсебин алган жокмун. Мен эмне кылышым керек?
Биздин info@somo.kg электрондук почтага жазыныз, биз кайра сизге эсеп жөнөтөбүз
Займ төлөө боюнча эсептешүүлөрдү кантип жүргүсө болот?
Сиз төмөнкү жолдордун бири менен зайым төлөмдөрдү жүргүзсөңүз болот:
  • Төлөм терминалдары «QuickPay», «DoscredoBank» (Доскердо-Банк), «Мегаком»
  • Электрондук капчыктар «Balance.kg» жана «MBank»
  • «РСК Банк» ААК, «Дос-кредобанк» ААК банктары аркылуу
Зайым келишими боюнча карыздык төлөмдү мөөнөтүнөн мурда кайтарып беруу болобу?
Сиз каалаган учурда зайым келишими боюнча карыздык төлөмдү кайтарып бере аласыз

Башка маселелер

Мен кантип өзүмдүн эсебимди өзгөртсөм болот?

1. Биздин сайттан зайымды экинчи иреттен алып жатканда эсебиңизди алмаштырып же жаңы эсепти кошуп койсоңуз болот

2. info@somo.kg дарегине кат жазыңыз

Каттын ичине:

  • сиздин паспорттун сүрөтүн тиркегиле
  • Өзүңүздүн ИННди жазыңыз
  • банктын же электрондук капчыкты аталышы
  • БИК номер
Маанилүү! Эсеп так сизге таандык болуш керек жана социалдык төлөмдөргө (пенсия,пособия) тиешелуу болбошу зарыл
Мен www.somo.kg сайттагы жеке кабинетимдин сыр сөзүн (пароль) унутуп калсам, эмне кылышым керек?
Эгер сиз электрондук почтаңызды унутуп калып жеке кабинетке кирелбай жатсаңыз, бизге жаңы электрондук почтадан info@somo.kg дарегине электрондук почтаны өзгөртүү боюнча кайрылуу жасаңыз
Мен www.somo.kg катталган электродук почтаны кантип өзгөртө алам?

Эгер сиз электрондук почтаңызды унутуп калып жеке кабинетке кире албай жатсаңыз, бизге жаңы электрондук почтадан info@somo.kg дарегине электрондук почтаны өзгөртүү боюнча кайрылуу жасаңыз

Сөзсүз түрдө кат менен бирге өздүк күбөлүгүңүздөн сүрөтүн жана сиздин өздүк күбөлүк менен түшкөн сүрөтүңүздү тиркеңиз

Канча мөөнөткө чейин somo.kg базада түзүлгөн келишим сакталат?
Тузулгон келишимдин базада сактоо мөнөөтүү чексиз
сом
Биринчи  зайым
Кайталаган  зайым
Сумманы тандаңыз
20 000 сом
1 000
49 500
Мөөнөттү тандаңыз
30 күн
15
30
Бул сумма кайрадан кардарлар үчүн жеткиликтүү болот.
Зайымды алуу
Зайымдын суммасы
сом
Төлөө күнү
Сыйлык
сом
Жалпы суммасы
сом
0 551 008899
0 701 008899
0 222 008899
info@somo.kg
9:00 - 20:00 Дем алышсыз
Компания
Биз жөнүндө Байланыш маалыматы
Кардарларга
Зайымды төлөө Документтер
© 2025 Somo.kg | “Сомо” күрөөкана КЖбК | КР өкмөтүнө караштуу ФРТжКМКдын 22 апрель 2019ж. берилген Лицензиясы №0344 сериясы Л.